• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Түз эфир: Акимдерди аттестациядан өткөрүүнүн максаты жана тартиби

25 Бирдин айы 202114:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 «Мамлекеттик жаны кадр саясаты женунде» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жергиликтуу мамлекеттик администрацияларынын башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоодон өткөрүү башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Аттестациялоонун максаты — жергиликтуу мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын эске алуу менен, квалификациясынын, кесипкөйлүгүн деңгээлин аныктоо.

Аттестациялоо 2021-жылдын март айында өткөрүлөт.

Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдрахман Маматалиев маалымат берүүдө.

Конкурс үч этаптан өткөрүлөт:

Биринчи этап – талапкердин эмгек тажыйрбасы, ишинин тармагы жана билими боюнча квалификациялык талаптарга туура келиши боюнча документтерин карап чыгуу.

Экинчи этап – компьютердик тестирлөө.

Үчүнчү этап – Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан түзүлгөн конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар түздөн-түз аңгемелешүү этабына киргизилет.

Коомчулукту тааныштыруу максатында Региондук резервидин түзүлгөн курамы Мамлекеттик кадр кызматынын веб-сайтына жайгаштырылат.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– тиркемедеги формага ылайык өзүнүн арызы;

– тиркемедеги формага ылайык резюмеси, сүрөтү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 1-мартынан башталып, 2021-жылдын 1-апрелинде саат 18-00 аяктайт.

Количество просмотров: 84