Бүгүн, 20-сентябрда борбордук “Ала-Тоо” аянтында китеп окуу жарышы өтүп жатат.
Иш-чара саат 16:00дө “Аянт төңкөрүш үчүн эмес, аянт билим алуу үчүн” флешмобу менен башталды.
Катышууну каалаган ар бир окурманга жанына китеп ала келүүсү сунушталат. Ошондой эле көркөм окуу боюнча атайын сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылат.