• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түз эфир: Асылбаеванын мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору комитетте каралууда

16 Бугу 2023 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы чакырылган комитет жыйынында мыйзамдын аткарылышы жана анын ЖМК ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири, белгилүү редакциялардын сайттарынын иштерин токтотуу жөнүндөгү чечимдер, медиа өкүлдөрүнө карата кылмыш иштери талкууланууда.

Демилгечи депутаттардын бири Чыңгыз Айдарбеков төмөндөгүлөрдү билдирди. «Бул мыйзам расмий каттоодон өткөн гана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана иштеп жатат. Ал эми фейк аккаунттарды жамынган бейрасмий адамдарга иштебей эле. Ошол себептүү өзгөртүүнү демилгелеп чыктык»,-деди Айдарбеков.

Количество просмотров: 65