Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевдердин бөгөт чарасы каралуда.
Алар «Кумтөр» ишине байланыштуу УКМК тарабынан кармалышкан.
Ал эми 31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.