Бишкектин Свердлов райондук соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын кароого киришти. Жараянга журналисттер жана активисттин тарапташтары киргизилген жок.
Буга чейин өткөн соттук отурум жабык каралып, сот имаратынын алдында анын бири нече тарапташы чогулган. Алар аны бошотуу тууралуу чечим чыгарууга чакырып жатышат.
Ал эми айыпталуучу Тилекмат Кудайберген уулунун жактоочусу иш менен таанышуу үчүн саат 12:30га чейин убакыт алганын Жеңиш Молдокматов билдирди.
Кудайберген уулу 15-мартта Бишкекте кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкектин ички иштер башкармалыгы ал Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен шектелип жатканын билдирген.