• Шейшемби 26 Үчтүн айы 2021

Түз эфир: Бишкек мэриясы расмий жапкан Түштүк-батыш көрүстөндүн иши токтобой жатабы?

5 января 2021 в 17:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-январда Бишкек мэриясы расмий жапкан Түштүк-батыш көрүстөндүн иши токтобой жатканын айткан тургундар нааразы пикирлерин айтып, акцияга чыгышты. Чогулгандардын айтымында көрүстөндүн жабылганына карабастан каза болгондордун сөөгүн коюу болуп жаткан.

Эске салсак, шаар мэринин орун басары Балбак Түлөбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тарта Бишкектин четиндеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылган.

Мындай чечимдин кабыл алынышына аталган аймакта сөөк коюуга орундун жок калганы себеп болгону айтылган.

Количество просмотров: 352