Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.
Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.
Коомчулукта Нургазиевдин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп келгенине нааразычылык айтылып жаткан. Буга Интернетте «Нургазиев аялга кол көтөргөн» деген видео тараганы себеп болгон.