• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түз эфир: Бишкекте жарандар жөө жүрүшкө чыгышты

25 Жетинин айы 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында эркиндик үчүн тынчтык акциялар өттү. Ага журналисттер, активисттер жана кайдыгер эмес жарандар катышууда.

Акцияларда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлду.

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын карап, Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болгон.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «куугунтук» деп баалоодо.

Количество просмотров: 119