Башкы аянтты кооздоо иштери аяктады. 25 метр балатыны жасалгалоого 5 миң метрге жакын гирлянда, 1,5 миң метр дюралайт илинген. Шаар тургундары үчүн атайы сүрөткө түшүү аянтчасы орнотулган.
Борбордук аянтты «Тазалык» жана «Бишкекжарыктын» кызматкерлери кооздогон. Бүгүн «Ала Тоо» аянтында жаңы жылдык балатынын жарыктары жанды.