Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.
Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгы социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат. Мындан улам журналисттер аны кызмат ордунан кетүүсүн талап кылып митингге чыгышкан.
Эскерте кетсек, Туйгунаалы Абдраимов Ороктогу айылындагы жаңжал боюнча айтып жатканда журналисттин узаткан суроосуна ал “Ала-Тоо 24” телеканалына гана жооп берээрин айтып,мунун себебин сураган журналистке “сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен”,- деп каткырып басып кеткен. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сураганда “андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да”,- деген бойдон жолун улаган.