• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Түз эфир: Чек ара меселеси боюнча өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

29 Чын куран 202114:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында «Баткен сен жалгыз эмессиң» аталышындагы нааразычылык акциясы өтүп жатат.

Өкмөт үйүнүн алдында өтүп жатат. Чогулгандар колуна «Баткен да Кыргызстан», «Чек ара үчүн «даканса» деген плакаттарды көтөрүп турушат.
Алар бийликтен көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү талап кылышууда.

«Чек ара» коомдук кыймылынын мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандардын саясий кызыкчылыгы жок экенин белгилеп, башкы максаты расмий органдардын көңүлүн чек арага бурдуруу болуп жатканын айтты.

Акцияга болжол менен 100гө чукул жаран катышып жатат.

Кечээ, 28-апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айылында чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кайрадан чыр чыгып, таш ыргытуулар менен коштолду.

Количество просмотров: 135