• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түз эфир: Депутаттар кезексиз жыйынга чогулду

7 Теке 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VӀ токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Маматалиев М.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Сулейманов Б.И., Шер-Нияз С., Мусабекова Ж.А., Жунус уулу А., Бакчиев Д.Ж., Дюшалиев А.К., Сыдыгалиев Н., Жеенчороев М.К., Райымкулов Б.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Рыспаев К.Дж., Баатырбеков А.Б., Никитенко Н.В., Токтошев Э.Т., Шарапов З.Э., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Матраимов И.И., Эргешов А.М., Карашев А.А., Баймуратов К.Ш., Гайпкулов И.Т., Турусбеков Б.С., Акматов А., Зулушев К.Т., Ибраев С.К., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Нышанов С.К., Тулендыбаев П.Р., Нурматов К.С., Масабиров Т.А., Турсунбеков Ч.А., Тиллаев Т.Г., Казакбаев Р.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4527-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар  Асылбаева Г.К., Сыдыков Б.У., Айдаров С.А., Турсунбаев А.А., Бекешев Д.Д., Тиллаев Т.Г., Абжалиев А.Т., Жээнбеков А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

3. “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

4. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт)

5. “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар  Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Гайпкулов И.Т., Абжалиев А.Т., Осмонова А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

6. “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Турдумамбетов О.Ж.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)         

7. “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

Количество просмотров: 233