• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Депутаттар жыйынга чогулду

17 Бирдин айы 2021 10:31 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=ZRbrcMWxrc0

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Марипов Улукбек Асамидиновичти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитет);

2. “2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 13.11.20дагы № 561 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

3. “2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 19.11.20дагы № 570 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

4. “2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 28.07.20дагы № 402 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

5. “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 27.07.20дагы № 398 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет).

Количество просмотров: 85