• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Депутаттар жыйынга чогулду

15 Кулжа 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

15-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

  1. 2021-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет) (уландысы);
  2. “2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.03.22деги № 132 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  3. “2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.04.22деги кир. № 6-6534/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  4. “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 14.03.22деги № 138 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  5. “2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 167 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  6. “2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 08.04.22деги № 192 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
  7. “2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-8559/22, 10.05.2022) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
  8. “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-8989/22, 13.05.2022) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  9. “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Кенжебаев А.Б., Самыйкожо М., Бакасов У.Б.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет);
  10. Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирлиги федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (демилгечилер – “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары).
Количество просмотров: 97