• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Фейктер тууралуу мыйзам журналисттерге каршы иштеп жатат

14 Аяк оона 2022 10:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-сентябрында Бишкекте “Кыргызстандагы сөз эркиндиги: жаңы тобокелчиликтер” аталышындагы тегерек стол өтүп жатат.

Анда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин аткарылышы жана анын ЖМК ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири, белгилүү редакциялардын сайттарынын иштерин токтотуу жөнүндөгү чечимдер, медиа өкүлдөрүнө карата кылмыш иштери талкууланууда.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын, медиауюмдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча корутунду документти кабыл алуу жана кол коюу каралууда.

Количество просмотров: 73