Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинфестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланыштуу жаӊы эл аралык долбоорду (Стамбул ш., Түркия) презентациялоо үчүн «Даӊазалуу доор» телесериалы боюнча кеӊири таанылган белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкекке келди. Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган маалымат жыйын болуп, жабык гала сый тамак берилмекчи.
Эскерте кетсек, Азиялык эл аралык кинофестиваль коомдук ишмер, учурда Франциядагы элчи жана ЮНЕСКОнун толук укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы Лос-Анджелесте негизделген. Кинофестивалга ишкер жана филантроп Шухрат Ибрагимов 2019-жылдан бери төрагалык кылып келет.