• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түз эфир: Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

1 Бирдин айы 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда Министрлер кабинетинин имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Ага онкологиялык ооруга чалдыккан жарандар жана анын жакындары чогулган.

Алар Маммалогия борборунун жабылуусуна каршы чыгышууда. Жана ошондой эле чогулгандар бийликтен онкологиялык ооруга чалдыккан жарандар анын ичинен көкүрөк рагы менен жабыр тарткан аялдардын маселесин көз жаздымда калтырбоону талап кылышты.

«Маммологиялык борбордо жол кире үчүн акчасы жок аз камсыз аялдар да дарыланган. Бейтаптар өлкөнүн бардык аймагынан келишкен. Бул борбордо эң мыкты дарыгерлер иштеген. Алар бизди дарылоо үчүн чет өлкөлөрдөн иштөөдөн баш тартышкан. Борборду жабууга болбойт», — деди митингдин катышуучуларынын бири.

Количество просмотров: 204