• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

27 Бештин айы 2021 10:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында ишкерлер нааразычылык акциясын өткөрдү. Митингге чыккандар Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы колдоп берген жаңы Салык кодексин артка кайтаруу талабын коюшту.

«Биз бийликке 2 күн убакыт беребиз. 29-декабрга чейин жаңы Салык кодексин артка кайтарышсын. Буга чейин «Таатан» соода борборунун сатуучулары, «Дордой Моторс» базарындагы соодагерлер нааразы пикирин билдирип чыгышты. Элди кыйнап, мамлекеттин киреше бөлүгүн толтурабыз деген чоң жаңылыштык. Алды менен шарт түзүп бериш керек. Жаңы Салык кодексине байланыштуу суроолор ачык бойдон калды. Бир гана талап менен президентке кайрылуу жолдойбуз. Тез арада аталган кодексти артка кайтарышсын»,-деп билдирди акцияга чыккан ишкер.

Эске салсак, буга чейин Жаңы салык кодексинин долбоору кабыл алынган. Ага ылайык, «Дордой» сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет. Буга ишкерлер нааразы болушууда. Ал эми Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүүнү жүйө кылып жатат.

Количество просмотров: 132