• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Түз эфир: Кой-Таш иши боюнча соттук отурум өтүүдө

8 Баш оона 2022 14:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-августта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүп жатат. Ал эми сот имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митингге чыгышты. Чогулгандар Атамбаевдин акталышын талап кылууда.

Эске салсак, 2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күч менен алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. Эртеси 8-августта Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 185