Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.
Экс- президент Алмазбек Атамбаев КСДПда партиялык курулуштун жаңы этабы башталды, деп айтып жатат брифингде.
Маалыматка ылайык, партиялык тартипти күчөтүү, жер-жерлердеги партиялык ишти активдештирүү каралууда. Эски партиячылар, партиянын жаңы мүчөлөрү биригип, жаңы форматтагы партия түзүшмөкчү.
Партиянын кезектеги 18-съездине даярдык көрүүнүн алкагында КСДПнын Төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялык ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча КСДПнын комитеттери жөнүндөгү Жобону бекитти. Жалпысынан 7 Комитет жана бир Кеңеш түзүлдү.
Партиялык көзөмөл комитети – партияга анын мүчөлөрүнүн моралдык- саясый жүзүн байкоого кол кабыш кылат жана партиянын намысын булгагандарга таасир этүү боюнча аларды партиянын катарынан чыгарууга чейинки сунуштарды берет.
Уюштуруу иштери боюнча комитети – борбордогу жана аймактардагы партиялык уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо чараларын иштеп чыгат.
Маалыматтык саясат жана үгүт иштери боюнча комитети – партиянын негизги маселелер боюнча позициясын калкка ЖМК жана соцтармактар аркылуу жеткирүүгө жардамдашат.
Укук маселелери, мыйзамдуулук жана шайлоо боюнча комитети – мыйзам чыгаруу органдарына (Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке) шайланган партиянын мүчөлөрүнөбул органдарда кароо үчүн алынып чыга турган калктын жашоосун жакшыртууга, анын укуктарын коргоого багытталган маанилүү укуктук демилгелерди түзүүгө жардамдашат.
Жарандык коом жана саясый бирикмелер менен өз ара аракеттенүү боюнча комитети – жарандардын башка бирикмелери менен ири коомдук-саясый мааниси бар биргелешкен долбоорлорду издеп табат жана ишке ашырат.
Экономикалык, социалдык реформалар жана өнүктүрүү программалары боюнча комитети – аталган тармакты туруктуу анализдейт жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды, алардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн корректировкалап туруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
Эл аралык байланыштар боюнча комитети – идеологиялык жактан жакын болгон чет элдик партиялар жана уюмдар менен байланыштарды чыңдоого кол кабыш кылат жана КСДПга алардын тажрыйбасын өздөштүрүүгө жардамдашат.
Жаштардын демилгелерин колдоо жана алдыга жылдыруу боюнча Кеңеши – жаштар саясаты чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшөт жана жаш активисттер менен иш алып барат.