Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Анын алкагында ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов кармалган.
Ал эми кечээ, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.