• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Матраимовду колдоп митингге кимдер чыкты?

19 Бирдин айы 2021 15:29 Бишкек Govori.TV

19-февралда Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башкы имаратынын алдында мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун ондогон тарапташтары чогулду. Журналист Элнура Алканова, депутат Таабалды Тиллаев, коомдук ишмер Шайлообек Атазов баштаган адамдар Матраимов 2 айга камалышы мүмкүн деген маалымат тарап жатканын билдиришип, бажычыны бошотууну талап кылышты.

Ушул эле күнү Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы Райымбек Матраимовдун атасынын наамын алып жүргөн «Исмаил ата» чайханасынын алдына бир топ адам чогулушту. Алар Райымбек Матраимов элге көп жардам бергенин билдирип, аны боштондукка чыгаруу керектигин айтышууда.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКдан сурак маалында кайрадан кармалган. Бул жолу ага кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу айып тагылды. 19-февралда анын бөгөт чарасы аныкталат. Матраимов буга чейин да кармалып, сот аны айып пулга жыккан.

Количество просмотров: 259