• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Мирлан Ураимовдун кармалышына нааразы болгондор УКМКнын алдына чогулду

9 Бирдин айы 2022 11:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-февралда УКМКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар «Бүтүн Кыргызстан» партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышына нааразы болушууда.

Алардын айтымында, Ураимов мыйзамсыз кармалган, себеби ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз болууда.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 103