• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түз эфир: Өндүрүш Токтонасыров өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыкты

2 Жетинин айы 2021 11:22 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 2-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты.

Колуна «Кымбатчылык кыйнады» деген жазуусу бар плакат, бош табак, чака кармаган активист Министрлер кабинети алакан жайып, Кыргызстан импортко көз каранды экенин айтуудан тажабай турганына токтолду.

«Бааларды көтөрүүдөн мурда чукул жыйын өткөрүп, жумушсуздук менен пандемияны эске алыш керек болчу. Бүгүнкү күндө көпчүлүк жарандарга кыйын болду. Азык-түлүк кымбат, жол кире акысы көтөрүлдү. Президент менен өкмөт элди ойлогула! «Бюджет көбөйөт», «Эркек мугалимдердин кадыр-баркы жогорулайт» деген фантастикалык маанайдагы кептерди козгобой иштегиле»,-деди активист.

Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы мезгилде азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кымбаттады. Улуттук статистика комитети кабарлагандай, бир жылда өсүмдүк майы — 54,6%, картөшкө — 46,3%, жумуртка — 35,4%, эт — 27,5%, ун — 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 203