Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Ош базарынын тегерегинде соода кылгандар өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар базардын айланасындагы соода-сатыкка тыюу салынышына нааразы митинг өттү.
Бул арада Бишкек шаардык мэриясында «Ош базарынын» айланасында жайгашкан мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүү иштерин тартипке салуу максатында жыйын өттү. Анда Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
«Мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн соодагерлер менен сүйлөшүүлөр буга чейин жүргүзүлгөн. Күчөтүлгөн режимде рейддер уланат. Аталган жерде соода-сатык жүргүзүүгө болбойт. Провокация кылгандардан суранат элек, мыйзамдуу түрдө соодаларды алып барсак», — деди Чыныбаев.