• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түз эфир: Пандемия маалында күчөгөн үй-бүлөлүк зомбулук — коомдогу курч проблема

19 Бирдин айы 2021 15:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда расмий статистика боюнча 2020-жылы карантин маалында үй-бүлөлүк зомбулук 65%ке көбөйгөн. Бир нече аял анын курмандыгы болсо, ондон ашуун өспүрүм өз жанын кыйды. Ушундан улам “Ковид 19 учурундагы кыргызстандыктардын үнү” аттуу Борбор Азия университети демилгелеп, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашып жаткан долбоордун алкагында үй-бүлөөдөгү зомбулукту токтотуунун жолдору жана карантин маалындагы акыбал боюнча талкуу болду.

“Пандемия маалында күчөгөн үй-бүлөлүк зомбулук — коомдогу курч проблема” темасында өткөн талкууга Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова, “Айкын багыт” бейөкмөт уюмунун өкүлү, адам укугун коргоочу Мунара Бекназарова, гендердик теңчилик боюнча эксперт Алтын Капалова, адам укугу боюнча эксперт, психолог Тынчтык Бакытов жана журналист Бактыгүл Чыныбаева катышты.

Количество просмотров: 123