• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түз эфир: Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров добуш берүүгө келди

10 Үчтүн айы 2021 10:03 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров добуш берүүгө келди.

Бүгүн, 10-январда 8:00дө Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум башталды. Шайлоо кечки саат 20:00дө аяктамакчы.

Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган. Ал эми башкаруу формасы боюнча БШКга каттоодон өткөн “макул”, “каршы” топтору да өз үгүт иштерин жүргүзүштү.

Количество просмотров: 474