• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түз эфир: Сөз эркиндиги үчүн жүрүш өтүп жатат

14 Тогуздун айы 2022 13:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябода сөз эркиндиги үчүн деп аталган тынчтык жүрүш өтүп жатат. Ага укук коргоочулар, активисттер, ЖМК өкүлдөрү жана шаар тургундары катышууда.

Жөө жүрүш Темир жол бекетинен башталып, «Ала-Тоо» аянтында аяктайт.

Эске салсак, 13-октябрда «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылгандар митинг өткөрүшкөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова көз карандысыз «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» басылмаларын жабуу талабы менен депутаттардан кол чогултуп жатканы белгилүү болгон. Нарматова өзү айтылгандарды четке каккан.

Количество просмотров: 90