• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Садыр Жапаров министрлер кабинетин чогултту

25 Бештин айы 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Жыйында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, КР президентинин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууда.

Мындан сырткары, жыйынга Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдор катышып жатат.

Количество просмотров: 256