• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түз эфир: Шаардык соттун алдында митинг өтүүдө

29 Теке 202213:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаардык сотунда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин иши каралат. Белгилей кетсек анын бөгөт чарасын 27-июлда Биринчи май райондук соту карап, анын камак мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Адилет Балтабай быйыл 30-июнда Ички иштер министрлигине суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.

Количество просмотров: 205