• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардык сот Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап жатат

9 Чын куран 202517:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-апрелде Бишкек шаардык соту журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин карап жатат.

Соттук отурумга Кынышай Мамыркулова алынып келинди.

Соттук отурум ачык өтүп ага журналисттин жакындары жана тарапташтары келип колдоо кылышууда. Бирок отурумда видеого тартууга уруксат берилген жок.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган. Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан.

Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып коюлган.

Количество просмотров: 362