Шайлоо жана реыерендум боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү отчетун берүүдө.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү.
Алдын ала жыйынтыкка ылайык, талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.
Адахан Мадумаров — 6,60%, Бабыржан Төлбаев — 2,31%, Мыктыбек Арстанбек — 1.66%, Абдил Сегизбаев — 1.46%, Имамидин Ташов — 1.19%, Клара Сооронкулова — 0.98%, Аймен Касенов — 0.91%, Улукбек Кочкоров — 0.69%, Канатбек Исаев — 0.57%, Бактыбек Калмаматов — 0.50%, Курсан Асанов — 0.50%, Элдар Абакиров — 0.50%, Равшан Жээнбеков — 0.19%, Каныбек Иманалиев — 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев — 0.09%, Арстанбек Абдылдаев — 0.08%. Баарына каршы — 1,32%.
Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор — 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.
3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.