• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: «Синегорье» пансионатынын иши. Жогорку сот маалымат берүүдө

4 Баш оона 2022 14:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти «Синегорье» пансионатынын айланасындагы кырдаалга бяйланыштуу маалымат берип жатат.

«Синегорье» пансионатынын айланасындагы мүлктүк талаш-тартыштар боюнча сот иштери 14 жылдан бери созулуп келет. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында мурдагы соттук чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан Сот департаментинин пайдасына күчүндө калтырылган. Тактап айтканда соттун чечими менен В.В. Силантьев жана Ысык-Көл — Нарын аймактык мамлекеттик мүлк башкармалыгынын ортосундагы сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп табылган жана анын жараксыздыгынын кесепетинен баштапкы абалына кайтаруу керектиги белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында туура жана негиздүү болгон, анткени Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кызыкдар кайсы жак болбосун өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз болот.

Бүгүнкү күндө жараксыз келишимдин кесепеттерин колдонуу жөнүндө доо арызы, тактап айтканда 2003-жылдын 2-октябрында ыйгарым укуктуу органда катталган 2003-жылдын 15-апрелиндеги В.В.Силантьев тарабынан «Синегорье» ЖЧКнун уставдык капиталын түзүүнүн эсебине баланстык наркы 1 150 000 сом болгон Сот департаментинин «Фемида» пансионатын түзүү тууралуу уюштуруучунун чечимин жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы сотто кароо стадиясында.
«Синегорье» пансионаты мурда «Айдин-Көл» деп аталган, ал 1997-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун токтому менен Сот департаментинин балансына өткөрүлүп берилген. Андан кийин бул пансионат баланска кабыл алынып, «Фемида»пансионаты болуп кайра аталып, Юстиция министрлигинде катталган. «Фемида» пансионатын сатуу учурунда анын менчик ээси мамлекет, тагыраагы Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу башкармалыгы болгон. Ошондой эле, ага оперативдүү башкаруу укугун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Сот департаменти ишке ашырган жана сатуу учурунда ээлик кылып, пайдаланып келген.

2003-жылдын 20-февралында Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу башкармалыгы менен В.В.Силантьевдин ортосунда №1 сандуу «Фемида» пансионатын Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин макулдугусуз жалпысынан 1 150 000 сомго мүлк комплекси катары сатуу жөнүндө келишим түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 183-беренесинин 2-бөлүгүнүң 2 абзацына ылайык, арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндөгү талап каалаган таламдаш жак тарабынан коюлушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Сот департаменти 2008-жылы Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк жана инвестицияларды тартуу башкармалыгы менен В.В.Силантьевге карата 06.02.2003-жылы Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн коммерциялык конкурсту жараксыз деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин «Фемида» пансионатын сатуу боюнча инвестицияларды тартуу жөнүндө, ошондой эле, В.В. Силантьев менен Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик мүлк башкармалыгынын ортосундагы сатуу-сатып алуу боюнча 07.04.2003-жылдагы келишимди жараксыз деп табуу жана анын жараксыздыгынын кесепеттери колдонуп, баштапкы абалына кайтаруу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылган.

Количество просмотров: 159