Бүгүн, 8-июнда борбор калаадагы өкмөт үйүнүн алдында Сокулуктун Новопавловка айылынын дыйкандары нааразы болуп чыкты. Дыйкандар өкмөттөн сугат суу маселесин чечип берүүнү суранышууда.
Митингге чыккандардын бири эки айдан бери сугат суусу жоктугун, андан бүтүндөй чарба жабыр тартып жаткандыгын белгиледи.
«Көйгөйдү чечебиз деп убада берген, бирок алар бул үчүн эч нерсе кылышкан жок»,-деди акцияга чыккан дыйкан.