Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү.
Алдын ала жыйынтыкка ылайык, талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.
Адахан Мадумаров – 6,60%, Бабыржан Төлбаев – 2,31%, Мыктыбек Арстанбек – 1.66%, Абдил Сегизбаев – 1.46%, Имамидин Ташов – 1.19%, Клара Сооронкулова – 0.98%, Аймен Касенов – 0.91%, Улукбек Кочкоров – 0.69%, Канатбек Исаев – 0.57%, Бактыбек Калмаматов – 0.50%, Курсан Асанов – 0.50%, Элдар Абакиров – 0.50%, Равшан Жээнбеков – 0.19%, Каныбек Иманалиев – 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев – 0.09%, Арстанбек Абдылдаев – 0.08%. Баарына каршы – 1,32%.
Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор – 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.
3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.