• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түз эфир: Тажикстандын Бишкектеги элчилигинин алдында митинг өтүп жатат

14 Чын куран 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарындагы Тажикстандын элчилигинин алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар чечилбей келген чек ара маселеси, тажик-кыргыз чек ара тилкесиндеги болгон чыр-чатактар боюнча пикирлерин билдиришүүдө.

Акцияга чыккандар «Рахмон агрессор», «Рахмон токтот! » деген жазууларды кармап турушту.

«Чек ара маселесин сүйлөшүү жолдор менен чечип, чекит коюш керек. Биз үчүн тынчтык керек, өзгөчө Орозо айында. Биз кылымдар бою кошуна болгон мамлекеттербиз, кыргыз эли согушту каалабайт»,-деди акциянын катышуучусу Айбек Турдалиев.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болуп, 5 адам жараат алган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты.

Количество просмотров: 130