• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түз эфир: УКМКнын алдына Мирлан Ураимовдун тарапташтары митингге чыкты

10 Бирдин айы 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-февралда УКМКнын имаратынын алдынам «Бүтүн Кыргызстан» партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышына нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты.

Чогулгандардын айтымында, Ураимов мыйзамсыз кармалган, себеби ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз болууда.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 208