Бүгүн, 28-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдына 30дан ашуун жаран нааразычылык акциясына чыгышты.
Акцияга чыккандар «Полковник Улан Алиевге боштондук!», «Акыйкатты күтөбүз», «Кара кылды как жарган УКМКдан калыс чечимди күтөбүз» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Алар алдамчылыкка шектүү Асыл Талипованын иши боюнча кармалган жакындарын бошотууну талап кылышты.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиевди кармаган. Соттун басма сөз кызматы 25-октябрда билдиргендей, ал 21-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Аалиев, Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчү 21-октябрда алдамчылыкка шектүү Асыл Талипованын иши боюнча кармалган. Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери кыйноо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу боюнча шектелүүдө.