Кыргызстандын айрым аймактарында ун чектөө менен сатылып жатканы кабарланды. Мисалы, Талас облусундагы базарларда бир адамга бир каптан ашык эмес ун сатылып жатканы айтылган. Айыл-чарба министрлиги менен Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы бул маалыматты четке какты.
Ал эми монопологияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги болсо баалар көзөмөлдө деп ишендирүүдө. Казакстандагы окуялардан кийин баалар өзгөрөбү?