Бүгүн, 7-февралда Бишкекте «ЖМКга жана сөз эркиндигине басым жасоо: «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамдын иш жүзүндө колдонулушу» аталышындагы тегерек стол өтүп жатат.
Анда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам жана сөз эркиндигинин абалы талкууланууда.
Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, медиа эксперттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар, эл аралык эксперттер катышууда.