Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-декабрда жыйынга чогулду. Күн тартибинде 10 маселе бар.
Маалым болгондой, бүгүн «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча мыйзамдык актыларга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралат. Аталган долбоор буга чейин парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети тарабынан жактырылган.