• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду

30 Кулжа 2022 10:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

  1. Ар кандай маселелер;
  2. “2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.04.22деги кир. № 6-6534/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  3. “2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 167 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  4. “2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 08.04.22деги № 192 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  5. “2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.05.2022деги кир.№ 6-8991/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  6. “2022-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 20.06.2022деги кир.№ 6-13037/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
  7. “2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 01.06.2022деги кир.№ 6-10902/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет);
  8. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Айдарбеков Ч.А., Төлөнөв Д.Э., Алимжанов Ф.А., Атажанов Ы.Ы., Түмөнбаев А.Т., Акаев Ж.К., Примов У.Б., Султанбекова Ч.А., Жакышов Р.Ш., Атазов Ш.К., Ташиев Ш.К., Таалайбек кызы Ж., Култаева Г.О., Шакиев Н.Т., Маткеримов А.Т., Түлөбаев Б.З., Осмонов А.Ж., Садырбаева Ж.Э., Сулайманов Э.Н., Ажибаев Ч.И., Бакасов У.Б., Эрбаев А.Т.) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  9. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 19.05.2022деги кир.№ 6-9635/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
  10. “2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 08.06.2022деги кир.№ 6-11812/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
  11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Мажитова Ш., Лурова Л.Х., Исатбек кызы А., Талиева К.А., Нарматова Н.А., Ашимова Д., Темирбаева М.О., Бекешев Д.Д., Осмонов А.Ж.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);
  12. “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 07.06.2022деги кир.№ 6-11639/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
  13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
  14. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет).
Количество просмотров: 256