Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдыбахаб Жолдошович Боронбаевдин ант берүүсү;
2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 12992/21, 21.09.21) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет);
3. “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-9533/21, 29.06.2021) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);
4. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 16.03.21деги № 96 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
5. “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 22.11.17деги № 765 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
6. “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 18.01.22деги № 19 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 18.01.22деги кир.№ 6-15489/21) (баардык комитеттер).