• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Таң аткыча турсаңыз да сөз бербейм». Төрага Шакиев менен Талиева айтыша кетти

21 Бештин айы 2023 17:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 21-декабрдагы жалпы отурумунда бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берди. Анын ичинде “Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окуудан добушка коюлду. Талкуу учурунда депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунун сындап чыкты.

Талиева жана башка депутаттар анын аталышын арабча кылбай кыргыз тилинде жазуу керектигин айтты. Спикер аталышын көп талаша бербей мазмунуна маани берүүгө чакырды. Ал араб тилинен келген көптөгөн сөздөр кыргызда колдонулуп жүргөнүн белгиледи.

Талиева төраганын депутаттардын сөздөрүн комментарийлөөгө укугу жоктугун эскертти.

«Урматтуу төрага, сиз депутаттардын пикирин комментарийлеп, аны тыюуга укугуңуз жок» — деди Талиева.

Ага Шакиев «мен сизге комментарий берген жокмун, жөн эле сүйлөй бересиңерби. Айтышпай отуруңуз» деп жооп берди.

«Таң атканча турсаңыз да сөз бербейм», — деди Шакиев.

Демилгечи депутат Мирлан Маматалиевдин айтымында, “Вакуф негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору Кыргызстанда менчик мүлктү кайрымдуулук максатта иштетүү ишмердүүлүгүн тескейт.

Количество просмотров: 423