• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Таалай Жайылов Токтогул районунун акими болуп дайындалды

1 Жалган куран 201917:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.

Жайылов Таалай Ташиевич Токтогул районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 26-февралда кол койгон.

Бүгүн, 1-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жаңыдан дайындалган акимди райондун активине тааныштырды.

Анда облус башчысы мурунку аким Майорбек Сатымкулов да район үчүн татыктуу иштерди жасаганын айтып, ыраазычылык билдирди жана жаңыдан кызматка аттанган жетекчиге ийгиликтерди каалады. 2019-жыл — Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында район үчүн жакшы жумуштар жасалаарына үмүт артты.

Мындагы жыйынга мурунку аким Майорбек Сатымкулов да катышып, ал дагы район активине өз ыраазычылыгын билдирип, бөлмөсүн өткөрүп берди.

Таалай Жайылов буга чейин Бел-Алды айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 47