• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Таалайбек Масабиров: Айыл чарба министрлиги “Тойбосс” тууралуу расмий билдирүү жасашы керек…

13 Чын куран 2023 16:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында 2023-жылга карата дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү жана республиканын аймагында акыркы жылдарда болуп жаткан жер көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Депутат Таалайбек Масабиров “Тойбосс” компаниясынын тегерегиндеги жагдай боюнча Министрлер кабинети тийиштүү чараларды көрүшү керектигин белгиледи.

Анын айтымында “Тойбосс” компаниясы тууралуу маалымат тараткан Орусиянын «Россельхознадзору» мамлекеттик ишкана. Ошондуктан Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги дагы бул тууралуу расмий билдирүү таратуу керек деген пикирин кошумчалады.

Эске салсак, Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирген.

Количество просмотров: 100