• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Орусиянын кыргыз товарларын текшерүүгө алуусу ЕАЭБ маселелерин козгоду

10 Чын куран 2023 14:12 Бишкек Govori.TV

Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирди.

Бирок «Тойбосс» эч качан адал болбогон этти колбасага колдонбостугун айтып, мал союуда шарият мыйзамдары так сакталарын айтып жатат.

«Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция адал стандарттарынын шайкештигине текшерилет. Адал колбасалардын ичинен дал биздин бренд БАЭ, Катар жана Түркияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан. Биз эч качан алдаган эмеспиз жана мындан ары да ачык-айкын иш жүргүзүүнү уланта беребиз!» — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Орусия Кыргызстандан форель балыгын жана икраларын импорттоого убактылуу тыюу салган. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстандан алып барылган балыктан антибиотиктер табылганын ошондуктан Россельхознадзор балыктарды импорттоого убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алганын билдирген.

Министрликке январь айында эскертүү каты келип, балык азыктарын экспорттогон 9 ишканага тыюу салынган.

Орусия тарабынан кыргыз товарларынын артка кайтарылышы боюнча учурда түрдүү пикирлерди жаратууда.

Экономист Төлөн Абдыров Орусия түздөн-түз кайсы бир эрежелер менен биздин ишкерлерди согуп жатат дегенден алыс экенин айтат.

«Туура, акыркы мезгилде айрыкча Кыргызстандан чыккан товарларга ар түрдүү сын-дооматтар айтылып жатат. Өлкөдөн экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганы таң калычтуу болду. Бул жакта Орусия түздөн-түз кайсы бир эрежелер менен биздин ишкерлерди согуп жатат дегенден алысмын. Бирок ошол эле учурда биздин продукциялар өз ээсин таап, ар кайсы мамлекеттерде сатылып жаткан көлөмдөр көбөйдү. Мындан улам атаандаштар ар кандай эрежесиз иштерди жасап коюшу мүмкүн. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) кандай негизде анализдерди жүргүзгөнүн ачыкка чыгарып, продукцияны кайсы дүкөндөрдөн алганын көрсөтсө. Чын эле ал «Тойбосс» компаниясынын продукциясыбы? ушул сыяктуу күмөндөр көп»,-деди Абдыров.

Ал эми Экономика министринин мурдагы орун басары, саясатчы Элдар Абакиров ЕАЭБ алкагында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү тоскоолдуксуз өтүш керектигин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«ЕАЭБалкагында тоскоолдуксуз товар өтүшү керек, негизги келишим ошол. Бирок ар бир өлкө жарандарынын тамак-аш коопсуздугун коргоого укугу бар. Кайсы бир продукцияларды текшерүүгө укугу бар. Бирок, ошол текшерүүлөр ачык-айкын жана так жүрсө жакшы болмок. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы товардын адал же адал эместигин текшергени кызык болуп жатат. Химиялык, ден соолукка зыяны бар заттар текшерилсе түшүнүктүү болмок. ЕАЭБДин мыйзамы боюнча өздөрүнөн чыккан продукция менен бизден барган товарларга бирдей мамиле жасалышы керек»,-деди Абакиров.

Количество просмотров: 2475