Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына тааныштырылып, Бишкек шаарынын убактылуу мэринин милдетин аткаруучу катары ишин баштады.
Сарыбашов буга чейин кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирген.
Кошумчалай кетсек, 50 жаштагы Таалайбек Сарыбашев 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.