• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таанышын тоноп кеткен жигит кармалды

29 Теке 202111:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-июлда болжол менен түнкү саат 03:00дө Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Шектүү таанышын бычак менен коркутуп, күч менен «IPhone 6S» телефонун тартып алып, качып кеткен.

Жабырлануучу милицияга кайрылып, аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталган.

«Шектүү Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. 1998-жылы туулган Р.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери жүруп жатат.

Количество просмотров: 241