• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таажы илдетинен дагы 23 адам айыкты

24 Бугу 202010:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустан дагы 23 адам айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды», — деп билдирди Үсөнбаев.

Кошумчалай кетсек, учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 980ге жетти.

Количество просмотров: 62